«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан четтетилди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өз булактарынан маалым болду.
Ал кызматынан кетүү арызын жазды.
Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматка жооп берүүдөн качып, тийешелүү буйрукту көрө электигин билдирди.
Эльнура Жолдошева ишкананы 2018-жылдын 1-октябрынан бери жетектеп келген. Ага чейин ал «Бишкек жашыл чарбасынын» башкы агроному болуп иштечү.