«Бишкек жашыл чарбасынын» жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан кетти

13:24, 22 декабря 2020, Бишкек - 24-kg.com

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан четтетилди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өз булактарынан маалым болду.

Ал кызматынан кетүү арызын жазды.

Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматка жооп берүүдөн качып, тийешелүү буйрукту көрө электигин билдирди.

Эльнура Жолдошева ишкананы 2018-жылдын 1-октябрынан бери жетектеп келген. Ага чейин ал «Бишкек жашыл чарбасынын» башкы агроному болуп иштечү.