Бишкек башкы архитектуранын жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына чыгарылды

14:35, 28 декабря 2020, Бишкек - 24-kg.com

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын коррупция фактысы менен кармалган жетекчиси Асхат Түлөбердиев үй камагына кое берилди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Мындай бөгөт чараны баш калаанын биринчи май райондук соту чыгарган. Асхат Тулөбердиев саат 21:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин үйүндө болушу керек. Ал 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот. Агенттик соттон бул маалыматты тастыкташканын жазат.

Эскерте кетсек, аткаминердин кармалганы тууралуу 24-декабрда маалым болгон. Ал 2017-жылы жер тилкелерин берүүдө жасалма аукциондорду өткөрүү ишине катыштыгы бар деп айыпталууда.