Кыргызстандыктарга Латвияда бекер билим алууга орундар бөлүндү

10:10, 27 января 2021, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандыктарга Латвияда бекер билим алууга орундар бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Кыргызстандын жарандары 2021-2022-окуу жылына мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бакалавриат, магистратура жана докторантура багытында 10-11 айга билим ала алат.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн система аркылуу жүргүзөт.

Документтер 2021-жылдын 1-февралынан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.