09:14, 09 февраля 2021, Бишкек - 24-kg.com
Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Балбак Түлөбаевге президенттин иш башкармалыгын жетектөө сунушталганы айтылууда.
Маалыматка караганда, анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалды. Ал 2020-жылы «Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.