Жээнбеков менен Отунбаеванын «экс» макамын алууга 15 миң кол топтолду

10:22, 24 февраля 2021, Бишкек - 24-kg.com

Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын «экс» макамын алууга 15 миң кол топтолду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине активист Чыңгыз Капаров билдирди.

Анын айтымында, Роза Отунбаева шайланган шайлоо атаандаштык негизде өткөн эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти.

«Экөөнүн убагында тең өлкө жоготууларга учурады», — дейт Чыңгыз Капаров.

Демилгени парламентке өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо зарыл.