06:36
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

COVID-19. Бир суткада 63 кишиден вирус аныкталып, төртөө каза болду

Бир суткада 63 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 31, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 18, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 6, Жалал-Абад облусу — 2, Баткен облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкекте, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 86 миң 755 киши вируска чалдыгын, 1 миң 480 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар