11:26, 17 марта 2021, Бишкек - 24-kg.com
Активист Бекмурат Ооган уулу менен УКМКнын кызматкерлери профилактикалык маектешүү өткөрдү. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине билдиришти.
Алардын маалыматында, Facebook тармагында Билал Сапаралиев деген ысым менен белгилүү болгон Ооган уулу Бекмурат соцтармактагы посту үчүн чакырылган.
Маалыматка карагаанда, аны «Биз Ханституцияга каршыбыз» жана «Тилекмат Куреновго боштондук» деп жазгандыгы үчүн чакырышкан.
Бекмурат Ооган уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү.