Депутат Кубанычбек Жумалиевдин жүрөгү ооруп, жеке клиникага которулду

11:41, 29 марта 2021, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын абагынан жеке клиникага которулду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Жумалиевдин жүрөгү ооруп, «Бикард» клиникасына жаткырылды.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиевге «кызмат абалынан кыянаттык» беренеси менен иш козголгон.