11:35, 28 апреля 2021, Бишкек - 24-kg.com
Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине өзү ырастады.
Анын айтымында, ал бүгүн Ысык-Көл облустук прокурору кызматынан кетүү арызын жазды.
«Мага эч ким кысым жасаган жок», — дейт Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда Facebook тармагы аркылуу коррупцияга каршы күрөштү сындап келген. Октябрдагы митингдин активдүү катышуучусу кийин Финполду жетектейт. Мекеме жоюлгандан кийин Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалат.