Өзгөндө мектептин экинчи кабатынан секирген баланын атасы милицияга арыз жазды

15:35, 19 мая 2021, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусунун Өзгөн районунда мектептин экинчи кабатындагы терезеден секирип түшкөн баланын атасы милицияга арыз жазды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-класстын окуучусу Мырза-Аке айылындагы Мамат Нурбаев орто мектебинин экинчи кабатындагы класстын терезесинен сабак башталганча секирип түшкөн. Баланын колу сынып, буту чыгып кеткен.

Баланын атасынын айтымында, уулун терезеден бой таштоого аргасыз кылышкан.

«Атасы уулунун мындайга барбастыгын, ага мектептеги мамиле себеп болгонун айтууда. Текшерүү жүрүп жатат», — дейт милиция.