Мухаммедкалый Абылгазиевдин жүрөгү ооруп менчик клиникага которулду

11:04, 08 июня 2021, Бишкек - 24-kg.com

Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жүрөгү ооруп менчик клиникага которулду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мурдакы өкмөт башчысынын коронавирус менен ооруп айыккандан кийин жүрөгүндө илдет пайда болду.

Ал 2021-жылдын 27-январында УКМК тарабынан кармалган.

Мухаммедкалый Абылгазиевге «Кумтор голд компани» жабык акционердик коомуна мыйзамсыз жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз баюу айыбы тагылууда.