Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом кайтарды

14:07, 28 июня 2021, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом кайтарып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетик комитети билдирди.

Эскерте кетсек, депутатка мыйзамсыз баюу айыбы тагылган. Алиярбек Абжалиевдин өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалган.

Бүгүн анын Бишкекке кайтып келгени белгилүү болду.

Алиярбек Абжалиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.