12:38, 14 июля 2021, Бишкек - 24-kg.com
Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургуну 15 жаштагы Айназик Кудайбердиева жана анын 11 жаштагы бир тууган иниси Ариет Кудайбердиев өздөрү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар кечээ 18.30 да үйдөн чыгып кеткен.
Кийген кийимдери: үстүндөгү киймдери белгисиз, астында боз түстөгү шым, бутунда ак кара түстөгү жайкы бут кийим (Айназик). Бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим (Ариет)
Белгилери: Бою 150-155, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара узундугу 30-40 см.
Байланыш үчүн номерлер 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 63