05:29
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Кыргызстанда пневмония менен ооругандардын саны 24 пайызга көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алардын маалыматында, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 24,3 пайызга көп.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келди.

Эң көп окулган жаңылыктар