09:41, 27 июля 2021, Бишкек - 24-kg.com
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагынан жеке менчик клиникага которулду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине анын юристи билдирди.
Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабановдун жүрөгү ооруп, «Авиценна» медициналык борборуна жаткырылды.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» кенинин алкагында козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган.