Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине УКМКдан билдиришити.
Маалыматка караганда, ага дарылануу талап кылынат.
«Анын саламаттыгы начарлап, чет өлкөдө дарылануу талап кылынат. Андыктан Өмүрбек Бабановго чет жакка чыгууга уруксат берилди», — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүн анын жеке менчик клиникага которулганы маалым болду.