Шайлоо-2021. Парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жол-жобосу

15:37, 01 октября 2021, Бишкек - 24-kg.com

28-ноябрда Кыргызстан Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Белгилүү болгондой бул жолу депутаттарды жаңы мыйзам боюнча тандоо жүрөт. Шайлоочуга эки бюллетень сунушталат. Анын биринде партиялардын жана анын талапкерлеринин тизмеси, экинчисинде — бир мандаттуу аймак аркылуу ат салышкандар.

Бул жолу парламентке пропорционалдык тутум менен 54, можаритардык жол менен 36 депутат шайланат.

Мында кантип адашпай туура добуш берүү жолдорун 24-kg.com агенттиги түшүндүрүп берет.

Ролик менен орус тилинде бул жерден тааныша аласыз.