КТРКнын жетекчиси алмашты. Кайрат Иманалиев Бахтияр Алиевдин ордуна олтурду

14:44, 15 октября 2021, Бишкек - 24-kg.com

КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиев башкы директорлук кызматынан алынды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине байкоочу кеңештин өкүлү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, Бахтияр Алиев өз калоосу менен арыз жазган.

«Анын отставкасы кабыл алынды. Башкы директордун милдетин аткарууга Кайрат Иманалиев дайындалды», — дейт Жылдызбек Керимбаев.