Сот депутатты банктан алган насыясын кайтарып берүүгө милдентендирди

14:47, 21 октября 2021, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин «Керемет Банктан» алган насыясын кайтарып берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Самат Ибраев эми банкка акчаны кайтарып бериш керек. Буга чейин Октябрь райондук соту депутаттан банктын эсебине 2 миллион сом алып берүү чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, насыянын жалпы көлөмү ачык айтылбайт.

Самат Ибраев парламентте жаңы финансалык технологиялар боюнча мыйзам долбоорун сунуштап келет.