Чыңгыз Айтматовдун котормочусу Ларс Эрик Бломквист дүйнө салды

17:16, 04 ноября 2021, Бишкек - 24-kg.com

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын котормочусу Ларс Эрик Блумквист 79 жашында Стокгольмдо дүйнө салды. Бул тууралуу жазуучунун уулу Элдар Айтматов 24-kg.com агенттигине билдирди.

«Бул маалыматты жан дүйнөм сыздап кабыл алдым. Мен анын үй-бүлөсү жана жакындары менен бирге кайгыга батып турам. Мен аларга көңүл айтам. Улуу инсандын жаткан жери жайлуу болсун», — дейт Элдар Айтматов.

Фото

Ал Ларс Эрик Бломквист 2020-жылы ЛКыргызстанга келип, Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган адабий иш-чарага катышканын белгилейт.

Белгилей кетсек, Ларс Эрик Бломквист «Бетме-бет», «Ак кеме», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гүлсары», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Кылым карытаар бир күн» аттуу чыгармаларды которгон.