Ноябрь айында дизель майы 2,24 сомго өстү

16:31, 23 ноября 2021, Бишкек - 24-kg.com

Ноябрдын үч аптасында дизель майы 2,24 сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

31-октябрда дизель майы 52,02 сом турса, азыр 54,26 сомду түздү.

Аи-95 1,21 сомго кымбаттап, учурда 62,83 сомдон сатылууда. Аи-92 1,06 сомго кымбаттап, 58,15 сомдон сатылууда.

Жыл башынан бери дизель майы 17,7 сомдон 22,4 сомго чейин, же 63,3 пайызга өстү.

Министлер кабинети учурда күйүүчү майга мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштоодо.