11:21, 21 февраля 2022, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарында Medicana Plus диагностикалык лабораториясы коронавируска каршы вакцина алганы жана оору жукпаганы тууралуу жасалма QR-коддор менен ПЧР-тесттердин маалымдамасын берип жүргөнүн билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ушундай эле факт Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаарында да аныкталган.
«Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассанын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандан сыртта жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүргөн жана бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин бааланган. COVID-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор анализ тапшырбастан WhatsАpp мессенджери аркылуу Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери «А.М.» аттуу жаранга авиакассалар жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип турганы аныкталды. Ушундай эле схема Базар-Коргон шаарында да аныкталган», — деп айтылат УКМК тараткан кабарда.