Кочкордо мектеп мугалими асынып каза болду

15:03, 11 марта 2022, Бишкек - 24-kg.com

Нарын облусунун Кочкор районунда мектеп мугалими асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com агенттигине Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Маалыматка караганда, 9-март күнү жергиликтүү мектептин мугалими үйүнүн короосунда асынып алган.

«Күйөөсү милицияга кайрылып, аялы асынып алганын айткан. Денесинен күч колдонгондугу боюнча жаракаттар табылган эмес», — дейт ал.