Орозо Кыргызстанда 2-апрель күнү башталат

16:18, 28 марта 2022, Бишкек - 24-kg.com

Орозо Кыргызстанда 2-апрель күнү башталат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Чечим Борбордук Азия өлкөлөрүнүн муфтияттары чогуу кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, 1-апрель түнү мечиттерде таравих намазы окулат.

Орозо 30 күнгө созулат.