17:25
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

COVID-19. Эртең «Спутник Лайт» вакцинасы менен эмдөө токтотулат

Эртеңден тарта «Спутник Лайт» вакцинасы менен эмдөө токтотулат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Республикалык иммунитетти алдын алуу борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, вакцинаны колдонуу мөөнөтү аяктап калды. Аймактардан чогултулган маалыматтарды иликтеп чыккандан кийин канча дозасы пайдаланылбай калганы белгилүү болот.

«Учурда вакцинанын 2 миллиондон ашуун дозасы пайдаланылбай калды, анын 1,5 миллиону — Sinopharm, колдонуу мөөнөтү 2023-жылдын аягына чейин. Pfizer менен Moderna жетиштүү, алардын пайдалануу мөөнөтү 2022-жылдын июль айына чейин», — дешет борбордун кызматкерлери.

Расмий статистикага ылайык, коронавируска каршы биринчи эмдөөдөн 1 миллион 487,5 миң адам өттү. Вакцинанын толук курсун 1 миллион 236,2 миң адам алды.

Эң көп окулган жаңылыктар