10:43, 06 апреля 2022, Бишкек - 24-kg.com
Бишкектин гүлзар жана сейил бактарын сугаруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, сугат иштери Каралаев, Абдрахманов, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, «Театральный» гүлзарында жана «Ата-Түрк», «Жеңиш, «Жаштар» сейил бактарында жүргүзүүлүүдө.
Быйыл сугат иштери эрте башталганынын себеби — жердин нымдуулугун сактап калуу. Жайдын аптап күндөрү бак-дарактардын абалына жакшы таасир этет.