13:43, 17 мая 2022, Бишкек - 24-kg.com
Ала-Тоо борбордук аянты оңдоого жабылып, учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин Шаардык чарба департаменти жүргүзүүдө жана 2022-жылдын 24-майында бүткөрүү пландалууда.
Эске салсак, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жаңы асфальт төшөлөт.