15:28, 19 мая 2022, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте мектеп окуучусу 9-кабаттан кулап каза тапты. Бул тууралуу Октябрь райондун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 18-май күнү эртең менен болгон.
            Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 2008-жылы туулган бала кулап түшкөн. Ал жаракаттардан улам жайында каза тапты.
            
            Кырсыктын чоо-жайы териштирилүүдө.