Өлкөдө 2 млн. 555 миң бала жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Алардын маалыматында, 2021-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 43 миң балага же 1,7%га көбөйдү.
Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:
43% — 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 108 миң адам);
44% — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 119 миң адам);
13% — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (328 миң адам).
Балдардын басымдуу көпчүлүгү (65,5%) айыл жергесинде жашашат.
2021-жылы 150 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 77 миңи эркек балдар жана 73 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.