23:40
USD 87.45
EUR 101.82
RUB 1.12

Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт

9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде салтанаттуу линейкалар болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэрия мектептерде акыркы коңгуроону майрамдоо үчүн кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынганын эскертет.

Тартипти аткарбаган учурда жана мүмкүн болгон окуяларда жоопкерчилик чаралары каралат. Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.