11:26, 05 июля 2022, Бишкек - 24-kg.com
«Дордой» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу 24-kg.comагенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрт боюнча саат 10.19да кабар түшкөн.
Базардагы кафелердин бири күйүп жатканы айтылат. Жабыркагандар боюнча азырынча маалымат жок.