Энергетика министри электр жарыгына акыны көтөрүүнү сунуштайт

14:37, 27 июля 2022, Бишкек - 24-kg.com

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр жарыгына акыны көтөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Жетекчинин айтымында, 2022-жылы электр тармагын колдоого 6 миллиард сом бөлүнгөн.

«Электр жарыгы социалдык тариф менен иштейт. Бул жааттагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тарифдик саясатты кайра карап чыгуу керек", - дейт ал.

Доскул Бекмурзаев энергетика тармагы инвесторлорго 137 миллион сом карыз экенин белгиледи.