Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

15:14, 29 июля 2022, Бишкек - 24-kg.com

Алдын-ала маалымат боюнча Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Өрт түнү Москванын Алма-Ата көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан хостелден чыккан. Кырсык учурунда 8 адам тирүүлөй күйүп кетип, төртөө ооруканага жеткирилген.

Айрым маалыматтарга караганда, хостел жетекчилиги өрт коопсуздук чараларын сактаган эмес жана ал мигранттарды массалык каттоого тургузган.