Ош шаарында лифттерди тейлөө боюнча жаңы диспетчердик борбор ачылды

12:26, 09 сентября 2022, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн Ош шаарында SKY INDUSTRIAL GROUP компаниясынын лифттерди тейлөө боюнча жаңы диспетчердик борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардын ишкерлери жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, МАБ жетекчилери жана жашоочулар катышты.

Белгилей кетсек, SKY INDUSTRIAL GROUP холдинги лифт тармагында 14 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Бул ишкананын тейлөө бөлүмү 500дөн ашык лифтти тейлейт. Жакында Кыргызстанда курулган заводдо жогорку технологиялык лифт жабдуулары чыгарыла турган өндүрүш ишке кирди.

Диспетчердик борбордун негизги багыты — лифттердин көйгөйсүз иштешин камсыз кылуу.