Бишкекте сот аткаруучулары 2,9 миллион сомду ыйгарып алышкан

11:34, 10 октября 2022, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан САКБнын банктагы депозиттик эсебинен 2 миллион 965 миң 800 сом акча каражаттары мыйзамсыз алынып, кызмат абалынан пайдалануу менен өзүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдуу каражатты алуучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголду.

Бүгүнкү күндө кылмышкерлерди мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.