22:56
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Кыргызстан көмүр экспортуна тыюу салат

Кыргызстан көмүр экспортуна тыюу салат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, январь-сентябрь айларынла 178 ммиң264 тонна көмүр 478 миллион 408 миң сомго экспорттолгон. Көмүрдүн тартыштыгына жана баанын кымбатташына жол бербөө үчүн экспортко тыюу салууу сунуталууда.

«Азыр Кара-Кече көмүрүн алып, каптарга салып, 20 тонналык фура менен чет жакка алып чыгып кетип жатышат. Аны токтотуу керек", - дейт Таалайбек Ибраев.

Министр көмүрдүн баасы көзөмөлдө экенин белгилейт.

«4 миң сомдон кымбат саткандарга көмүр бербейбиз. 4 миң сом менен деле жакшы пайда көрүшөт», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар