19:25
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Мектеп окуучулары 9-ноябрга чейин эс алышат

Кыргызстанда окуучулардын күзгү каникулу 9 -ноябрга чейин болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Күзгү каникуль 31-октябрдан 6-ноябрга чейин белгиленген. Бирок, 7 жана 8-ноябрь календарда кызыл даталар болуп саналгандыктан мектеп окуучулары 9-ноябрда мектепке барышат.

Белгилей кетсек, ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар