Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин жаңы директору болуп Айнура Абалиева дайындалды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан тастыктады.
Алардын айтымында Айнура Абалиева аталган башкармалыктын жамаатына тааныштырылган. Буга чейин ал дары-дармектерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Мурдагы жетекчи Нурдин Кагаздиев кызматынан кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду. Ал бул кызматка 2021-жылдын октябрында дайындалган.
Эске салсак, октябрь айында аталган башкармалыктын жана жеке компаниянын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары аныкталып департаменттин директорунун орун басары Б.К. жана бөлүм башчысы Т.И. кармалганы тууралуу УКМК билдирген. Аныкталгандай, чиновниктер мыйзамсыз түрдө кайра каттоодон жана сертификациядан өткөрүп, сапатсыз дары-дармектерди республикага алып келүүгө шарт түзүп беришкен.


