Парижде Кыргызстандын маданий борбору ачылды

10:09, 14 декабря 2022, Бишкек - 24-kg.com

Парижде Кыргызстандын маданий борбору ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Франциядагы элчигинин колдоосу менен маданий борбор түзүлдү.

«Маданий борбор кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба, ой-пикир алмашуусун координациялоо, тематикалык жолугушууларды уюштуруу иштерин жүргүзөт», — дейт ТИМ.

Элчи Садык Шер-Нияздын айтымында, борбор кыргыз маданиятын Францияга таанытууга, өлкөнүн бай тарыхына, искусствосуна кызыгуу артырууга жол ачат.