Кувейт-Бишкек аба каттамынын саны көбөйтүлөт

14:37, 22 декабря 2022, Бишкек - 24-kg.com

Кувейт-Бишкек-Кувейт аба каттамын ишке ашыруучу компания 30-декабрдан тарта кошумча рейс ачат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка караганда, кошумча чартердик каттам болот.

Кошумча учактар 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15 жана 19-январында болот.

Азыр учак аптасына төрт жолу учуп турат.