17:21
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.09

2022-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 33 миллиард сом жумшалды

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө рекорддук 33 миллиард 606 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 миллиард 113 миллион сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 миллиард 493 миллион сомду түздү.

Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
20-октябрь, дүйшөмбү