Маданияттын эмгек сиңирген кызматкери Малик Аликеев дүйнө салды

13:24, 17 января 2023, Бишкек - 24-kg.com

Маданияттын эмгек сиңирген кызматкери, ырчы, комузчу Малик Аликеев дүйнө салды.

Ал 1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн.

Буга чейин Малик Аликеевлин ооруп жүргөнү кабарланган.

Ырчы «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» аттуу белгилүү ырлардын автору.