Түптө 14 жашар кыз өз өмүрүнө кол салды

15:46, 30 января 2023, Бишкек - 24-kg.com

Түп районунда 14 жаштагы мектеп окуучунун сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү милиция билдирди.

Маалыматка караганда, кыз өз үйүндө асынып алган. Анын денесинен күч колдонуу белгилери табылган жок.

Ички иштер кызматкерлери тергөө ишин жүргүзүүдө.