12:12, 13 февраля 2023, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыз куткаруучулары Түркиянын Кахраманмараш шаарынын дагы бир тургунун урандынан алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 12 кабаттын үйдүн урандысынын астында казуу иштерин жүргүзгөн.