Бишкектеги үч адамды өлтүрүүгө шектелип УКМКнын мурдакы кызматкери кармалды

12:18, 17 февраля 2023, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин 5-кичи районундагы адам өлтүрүүгө шектелип УКМКнын мурдакы кызматкери кармалды.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы Ч.А. УКМКда иштеген жана акыркы парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон.

Кечээ 5-кичи районундагы батирлердин биринде аялдын жана анын 18 жаштагы кызы менен беш жаштагы уулунун сөөгү табылган. Кабарларда үй-бүлө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланат.