Кыргыз куткаруучулары Түркиядан кайтып келишет

17:16, 20 февраля 2023, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз куткаруучулары Түркиядан 21-февраль түнүсаат 2.30да кайтып келишет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Түркия жер титирөө болгон аймактарда куткаруу ишин токтотту. Буга байланыштуу Карханмараш жана Хатай шаарларында иш алып барган ӨКМдин кызматкерлери кайтып келишет.
ӨКМ куткаруучуларды салтанаттуу тосуп алмакчы.