Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 31,5 миллион сом топтолду

10:20, 24 февраля 2023, Бишкек - 24-kg.com

Тышкы карызды төлөөгө ачылган депозиттик эсепке 31,5 миллион сом топтолду.Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, атайын эсеп 2021-жылы ачылган. Ага өлкөнүн тышкы карызынан кутулуу үчүн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы — 5,3 миллиард долларды түздү.