Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 22-мартта башталат

17:11, 10 марта 2023, Бишкек - 24-kg.com

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп окуучулары 22-марттан 27-мартка чейин эс алат.

Бирок Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө 18-21-март күндөрү дагы эс алуу болуп жарыяланды.