09:23
USD 87.45
EUR 102.85
RUB 1.05

Кыргызстанда 18-мартта ишембилик өтөт

18-мартта өлкө боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 18-мартында өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өткөрүлөт.

Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар